Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Атамбаев: Ксенофобия күчөп турганда Жеңиш күнүнүн мааниси артууда


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Жеңиш күнүнө карата куттуктоосунда билдирди. Өлкө башчысы "азыркыдай ксенофобия күчөп турган учурда Жеңиш күнүнүн мааниси артып жатканын" белгилеп, согуштун алгачкы эки жылында 140 миңден ашык орусиялык Кыргызстанга көчүрүлгөнүн эске салды.

- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга 140 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Алардын ичинен 16 миң бала Ленинграддан келген. Кыргызстандыктар аларды жакын адамындай жылуу кабыл алып, акыркы нанын бөлүшүп жеген. Муну эстен чыгарбаш керек. Ошол эле биздин иштегени барган жигиттерибизге өйдөсүнгөн Москва, Ленинграддагылар муну эсинен чыгарбашы керек. Алар качандыр бир кезде алардын ата-энелерин жылуу кабыл алып, акыркы нанын бөлүшкөнүн эстеши керек, - деди Атамбаев.

Ошондой эле президент мурдагы Советтер Союзундагы мамлекеттерди бири-бири менен кагыштыргысы келген күчтөр бар экенин эскертип, коңшулаш өлкөлөр менен ынтымакты күчөтүүгө чакырды.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG