Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Жумгалда ачкачылык акциясы уланып жатат


Нарындын Жумгал райондук сотунда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындары ачкачылыгын улантып жатат. Алар райондук драма театрынын жанына тигилген боз үйдө 10-майдан бери отурушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар өздөрү маалымдады. Акция катышуучулары менен райондук бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционер ушул күнгө чейин табыла элек.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини камакка алган. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG