Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Ооган талиптери 12-майда “жазгы чабуул” сезонун баштады


Согушкерлер тобу бул күнү чыгыштагы Нангархар провинциясында Юстиция башкармалыгынын кеңсесине чабуул койду. Алардын Жалалабаддагы чабуулу кезде эки күзөтчү жана башкармалыктын төрт кызматкери өлтүрүлгөнү ырасмий маалымдалды. Бир нече саатка созулган аткылашта имаратты ээлеп алган үч согушкер жок кылынды.

Кабылдан түштүк-батыштагы Газни провинциясындагы полициянын бекетине жасалган кол салууда коопсуздук күчтөрүнүн үч кызматкери катардан чыкты. Кабылдын четиндеги эл аралык аэропортко согушкерлер аткан эки ракета, Баграм авиабазасына төрт ракета келип түштү.

Талиптер өткөн жумада 12-майда жылдагыдай эле “жазгы чабуулдарын” баштаарын жарыя кылган болчу.

XS
SM
MD
LG