Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Түркияда мерт болгон кенчилер саны 238ге жетти


Кырсыкка кабылган кенчилердин туугандары оорукана алдында. Сома, 14-май, 2014 -жыл.
Кырсыкка кабылган кенчилердин туугандары оорукана алдында. Сома, 14-май, 2014 -жыл.
Бул тууралуу учурда кырсык болгон жерде жүргөн премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Ал эми көмүр шахтыдан али чыгалбай жаткан кенчилердин саны 120 деп эсептелүүдө.

Шахты жарылуусунан улам Албанияга сапарын токтоткон Эрдоган бүгүнкү басма сөз жыйында айткандай, кырсыктын себептери кылдат иликтенип жатат.

Эки жүздөн ашуун кенчинин өлүмүнө байланыштуу түрк өкмөтү өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Түркиянын энергия министри Танир Ыйылдыздын айтымында, өткөн түнкү жарылуу учурунда шахтыда 787 кенчи иштеп жаткан.

Кырсык болгон Сома көмүр кени Стамбулдан 360 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын жетекчилигине көңүл айтып, “Кыргызстан калкы Түркияда болгон трагедияга бир тууган түрк эли менен бирге кайгырып жатканын, жакындарын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшөрүн” белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG