Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Абдулла Юсупов ачкачылык жарыялады


Абдулла Юсупов
Абдулла Юсупов
Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан Абдулла Юсупов жана Дастан Оморов 15-майдан бери ачкачылык кармап отурганын бүгүн “Азаттыкка” алардын жактоочусу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Ачкачылык кармагандар абак жетекчилигинен туугандары менен жолугушуу уюштуруп берүүнү талап кылып жатышат. Үмөталиеванын айтымында, эки жылдай убакыттан бери Юсупов да, Оморов да жакындары менен жолугуша элек. Мыйзамга ылайык, абактагы адам үч ай сайын көрүшүп турууга уруксат.

Ачкачылык акциясы боюнча азырынча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы комментарий бере элек. Үмөталиева аталган кызматтын жетекчиси Советбек Арбаев менен байланышканын, ал окуядан кабарсыз экенин, тез арада маселени чечүүгө убада бергенин билдирди.

Абдулла Юсупов жана Дастан Оморов 2010-жылкы бийлик алмашуу учурундагы морадерлук боюнча күнөөлөнүп камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG