Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Байден Орусияга Украинадагы шайлоого тоскоолдук жасабоону эскертти


Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден Бухарест шаарында туруп, Москвага каршы санкцияларды күчөтүүдө чечкиндүү кадамдар зарылдыгын айтты. Эгер Орусия 25-майда Украинада өтчү президенттик шайлоого карасанатайлык кылса, Орусиягы каршы дагы жаңы санкциялар киргизилерин билдирди.

Румынияда сапарда жүргөн Байден НАТОнун уставынын бешинчи беренесин эске салып, Түндүк Атлантикалык союзга кирген өлкөлөрдүн бирине чабуул болсо, ал бүткүл НАТО аймагына жасалган иш деп бааланарын белгиледи.

АКШнын вице-президенти Румыниянын жетекчилигин коргонуу тармагына каражатты көбөйткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, америкалыктар Девеселу шаарында 2015-жылы ракеталык чабуулдан коргонуу базасын ачарын айтты.

Румыниянын президенти Траян Бэсеске Украинадагы кризистен кийин Кошмо Штаттар абадан коргонуу системасын кеңейтип жатканына ыраазычылык билдирди.

XS
SM
MD
LG