Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:50

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы тандалат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев кабарлады. Анын айтымында, кеңештин азыркы курамынын ыйгарым мөөнөтү июнь айында аягына чыгат. Мындан улам учурда кеңеш мүчөлөрүнө талапкерлер тандалууда. Сотторду тандоо кеңеши 24 мүчөдөн турат. Алардын он алтысын Жогорку Кеңеш, сегизин Соттор кеңеши көрсөтөт.

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңеши 2011-жылы түзүлгөн. Бул кеңеш сынак аркылуу жергиликтүү жана Жогорку Соттун судьяларын иргеп алып, талапкерлерди президент менен парламентке сунуштайт. (BkA/ZB)
XS
SM
MD
LG