Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Альтернативалуу жолдун экинчи фазасын каржылоого каражат изделүүдө


Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган жолдун экинчи фазасын бүтүрүү үчүн 300 миллион доллар керектелет. Азыр бул каражатты табуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы менен жеңилдетилген насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Калыков кошумчалагандай, жолду 2017-жылы бүтүрүү мерчемделүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек - Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы жол куруу демилгесин көтөргөн. Өткөн айда жолдун курулушу расмий башталды. 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна болжол менен 700 миллион доллар сарпталат. Буга чейин жолдун биринчи фазасын бүтүрүү үчүн Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан 400 миллион доллар насыя алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG