Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Экзит-полл: Петро Порошенко президент


Петро Порошенко Львовдо шайлоочулар менен жолугууда, 22-май, 2014-жыл
Петро Порошенко Львовдо шайлоочулар менен жолугууда, 22-май, 2014-жыл
Украинада шайлооканалардагы сурамжылоо Петро Порошенко үчүн шайлоочулардын көпчүлүгү 55,9% добуш бергенин көрсөттү. Шайлоо участкаларында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин 48 жаштагы Порошенко президенттик шайлоодо жеңгенин жарыя кылды. Президент катары эң негизги миссиясы “согушту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу” болоорун, оболу орусиячыл жикчилердин колундагы Украинанын чыгышына барарын билдирди.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 12,9% добуш алган. 26-майда экзит-поллдун жыйынтыгы ырасталса, шайлоонун экинчи турун өткөрүүнүн зарылдыгы жок болот.

Демократиялык демилге консорциуму Киевдеги эл аралык социология институту жана Разумков атындагы Экономикалык жана саясый изилдөөлөрдүн борбору өткөргөн сурамжылоодо жаңылыштык 3,5% болушу ыктымал. Украин телеканалынын тапшырмасы боюнча өткөрүлгөн сурамжылоо боюнча Порошенкону шайлоочулардын 57,3%, Тимошенкону 12,4% колдогон.

XS
SM
MD
LG