Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

Караколдо аз камсыз болгон үй-бүлө балдарына майрам уюштурулду


Караколдо 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнүн алдынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бүгүн майрамдык иш-чара уюштурулду. Аны “Табылга” коомдук фонду өткөрүп жатат.
 
Пушкин атындагы сейил багында уюштурулган майрамга Ысык-Көл облусунун райондорунан жана Каракол шаарынан 1000ге жакын бала чакырылган. Аларга ыр-күү жана түрдүү оюн-зоок тартууланууда. Соңунда балдар калаадагы зоопаркка саякат жасашат.
 
Ушундай эле иш-чара 30-май күнү Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорундагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына да уюштурулат. (MK)

 

XS
SM
MD
LG