Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Путин Франциядагы салтанатка катышат


Владимир Путин, Орусия президенти
Владимир Путин, Орусия президенти
Орусиянын президенти Владимир Путин союздаштардын Экинчи Дүйнөлүк согушта Нормандияга басып киришинин 70 жылдыгынын алдында Францияга барып, президент Франсуа Олланд менен жолугууда. Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков Путин Оланд менен бүгүн жолугуп, бир катар маселелерди, анын ичинде Украинадагы кырдаалды талкуулай тургандыгын маалымдады. Ушаковдун айтымында, Путин ошондой эле Британиянын өкмөт башчысы Давид Камерон, Германиянын канцлери Ангела Меркел менен өз алдынча кездешет.

Франциялык үналгыга берген маегинде Путин Нормандияга келе турган Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенко менен жолугушуудан баш тартпай тургандыгын айтты. Бул Москва Крымды аннексиялап алгандан кийинки Путиндин Батышка биринчи жолу барышы.

XS
SM
MD
LG