Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ирак: согушкерлер Багдадга чабуул жасамай болууда


Ирактын эки ири шаарын басып алган “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер Багдадга чабуул жасарын билдиришти.

АКШ президенти Барак Обама Америка Ирак бийлигине террористтерге каршы күрөшүүгө жардам көрсөтөрүн билдирди. Ал Кошмо Штаттар согушкерлер Иракты “таяныч бекет” кылып албашына кызыкдар экенин кошумчалады. Обама кандай жардам берилерин тактаган жок.

“Ирак жана Леванттын Ислам мамлекети” радикалдык тобу 11-июнда Тикрит шаарын ээлеп, бир күн мурда Мосул калаасын басып алышкан.

Ал арада жарым автономиялуу Курдистан аймагынын "пешмерга" аскер күчтөрү мунайга бай Киркук шаарын өкмөт аскерлери таштап кеткенден кийин өз көзөмөлүнө алганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG