Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кумтөрдө биргелешкен ишкана түзүү токтоп калды


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-июнда парламентте жабык жыйында билдиргенин Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков маалымдады. Жээнбековдун айтымында, канадалыктар 50-50% үлүш бөлүштүргөн биргелешкен ишкана түзүүдөн баш тартып, акционердик коом түзүүнү жактап жатышат:

- Алар акционердик коом түзөбүз деп жатыптыр, биздикилер биргелешкен ишкана түзөбүз деп жатат. Ошону менен алар макул болбой коюшуптур. Алар биздин өкмөттүн чабал жерин таап алышып, каалабасаңар анда токтотуп, консервация кылабыз дешүүдө.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү токтотууга жол берилбеши керектигин айтып, анын быйылкы жылга иш планын бекитип берди. Кумтөр токтоп калса, бюджет олуттуу финансылык жоготууларга учурарын адистер белгилеп келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG