Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Ооганстанда шайлоо тынч өттү


Талибан кыймылынын коркутуусуна карабай бүгүн Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Президенттик орун үчүн таймаш шайлоонун биринчи турунда алдыга чыккан мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен экс-каржы министри Ашраф Гани ортосунда болду. Талапкерлер ичинен жеңип чыкканы Ооганстанда демократиялык жол менен шайланган алгачкы президент болуп калат.

Өлкөнүн көз карандысыз шайлоо комиссиясынын төрагасы Нур Мухаммад Нур “Азаттыктын” ооган кызматына берген маегинде добуш берүү жараяны ийгиликтүү өткөнүн билдирди. Ошентсе да, бийликтер коопсуздуктан улам 121 шайлоо бекети, бюллетендердин түгөнүп калганына байланыштуу 333 добушкана жабылганын кабарлашты. Буга чейин талиптер шайлоонун үзгүлтүккө учурарын билдирип, оогандарга “өлгүңөр келбесе, добушканаларга барбагыла” деген эскертүү жасаган болчу.

Шайлоонун биринчи турунда алдыга чыккан Абдулла Абдулла добуш берүүдөн соң оогандыктарга кайрылып:

- Мен ооган калкына бул күн силердин, биздин, Ооганстандын күнү деп кайрылат элем. Бизди бакубат, тынч келечек күтүп турат. Бизге добуш берүү менен сиздер буюрса тынч келечекти камсыз кылдыңар, - деди.

Шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгы 22-июлда жарыяланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG