Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Индияда 11 кабат имарат урашынан 9 киши каза тапты


Индиянын түштүгүндөгү Ченнаи шаарында жаңыдан курулуп аткан 11 кабаттуу имарат урап түштү. Алдын-ала маалыматтарда, тогуз киши каза таап, 25 адам урандынын астында калганы кабарланууда. Каза тапкандардын көбү куруучулар экени айтылууда. Мындан сырткары 27 киши куткарылды.

Индия полициясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Окуяга байланыштуу курулуш компаниясынын ээси жана анын уулу кармалды. Күбөлөрдүн айтымында, урандынын алдында катуу жаандан жашырынып турган жай тургундар да болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG