Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Ошто ажылыкка байланыштуу талаш чыкты


Ош облусунда ажылыкка баруучулар чүчү кулак кармоо калыс болбогонун билдирип облустук казыятка нааразы болууда. Алар зыяратчылардын көбү тааныш-билишчилик менен тандалганын айтып жатат.

Аймактан ажылыкка баруучулар үчүн 838 адамга квота бөлүнгөн. Ал эми катталган талапкерлердин саны 3101 адам. Квотага илешпей калгандар чүчү кулак кармоону кайра өткөрүүнү, облус казысы Ниязалы Ариповдун жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Оштогу өкүлү Курбаналы Узаковдун кызматтан кетишин талап кылууда.

Казы Ниязалы Арипов зыяратчыларды тандоодо эч кандай кемчилик кетирилбегенин, ажыга баруучулардын фамилиясы компьютерлештирилген системанын негизинде аныкталганын билдирди.

Быйыл муфтият ажылык сапарга барчу кишилерди чүчү кулак аркылуу тандоо ыкмасын киргизген. Дин башкармалыгынын дагы бир талабы боюнча акыркы үч жылда зыяратка барып келгендерге кайра барууга быйыл уруксат берилбейт. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG