Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Ак-Сайга милициянын кошумча күчү жөнөтүлдү


Бул туралуу “Азаттыктын” кабарчысына Баткендин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Маалыматка караганда, окуя Ак-Сай айылынын тоо тарабындагы Тамдык деген жерде болгон. Чырдын эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Учурда Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары Ак-Сайга кеткен жолду тороп турушат. Баткенден Ак-Сайга  кошумча күчтөр жөнөтүлдү.

Бүгүн түшкө маал аталган айылда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кеткени кабарланган. (JsA/BkA)

 

 

 

XS
SM
MD
LG