Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Ошто жаңы бала бакча курулууда


Ош шаарынын Жапалак айыл башкармалыгында шаар казынасынын эсебинен 150 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бала бакчанын курулушуна шаардык казынадан 43 млн. сом бөлүнгөн. Эки кабат болуп курула турган имарат ушул жылдын октябрына чейин ишке берилет. 25 миңден ашык калкы бар Жапалак айылында буга чейин бир да бала бакча болгон эмес.

Ош шаарында мектепке чейинки жаштагы балдардын 20% гана бала бакчага барат. Шаар боюнча жеке жана мамлекеттик 31 бала бакча иштейт. (YI)

XS
SM
MD
LG