Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Жыйырма жыл ичинде Бишкекте бактар дээрлик дарыланган эмес


Бул туурасында “Азаттыкка” “Жашылдандыруу” бирикмесинин бак-дарактарды кыюу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, ооруган бактардын саны көбөйүп, көп бактар ошонун эсебинен кургап жатат. Мындан тышкары имараттардын, тротуарлардын тушундагы бактарга суу жетпегени дагы себеп болууда.

Бишкекте жыл сайын 500-600 бак кыйылат. Булар негизинен 50-60-жылдары олтургузулуп, карып өспөй, куурап калган бактар. Быйыл соолуган бактарды кошкондо 1 жарым миңге чукул бак 14-июлдан тарта кыйыла баштайт. Өткөн жазда Бишкектин төрт районуна жаңы 32 миң көчөт таратылган.(AzK)

XS
SM
MD
LG