Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Киев орусиялык учак украиналык СУ-25ти атып түшүрдү деп айыптоодо


Киев Орусиянын согуштук учагы Украинанын аймагында СУ-25 истребителин атып түшүргөнүн билдирди. Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин маалымат өкүлү Андрей Лысенконун айтымында, 16-июлда “Орус Федерациясынын аба күчтөрүнө таандык согуштук учак Украина Аба күчтөрүнүн СУ-25 учагы Украинанын аймагы үстүнөн учуп жүргөн маалда ракета аткан”. Пилот парашюттан секирүүгө үлгүргөн жана аман-эсен эвакуацияланды.

Орусия азырынча окуя боюнча комментарий жасай элек. Анын алдында Киев 14-июлда кулап түшкөн аскердик жүк ташуучу учакка Орусия тараптан атылган ракета тийген болушу мүмкүн деп билдирген. Кечээ таратылган дагы бир маалыматка ылайык, алдыңкы 24 сааттын ичинде кармаштарда украиналык 11 жоокер мерт болду.


XS
SM
MD
LG