Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Путин: Орусия НАТОнун кадамына адекваттуу жооп кайтарат


Президент Владимир Путин НАТО күчтөрүнүн Орусиянын чек арасына жакындоосуна адекваттуу жооп берет деп эскертти. Ал 22-июлда Орусиянын Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, НАТОнун кыймылдарына Орусия “адекваттуу жана пропорционалдуу” жооп бериши керек, азыр бирок өлкөнүн эгемендигине жана территориялык бүтүндүгүнө эч кандай коркунуч жок деди.

Путин улуттук экономика менен финансылык системанын “ыңгайсыз тышкы факторлордон” көз карандылыгын азайтуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасоого үндөдү. Украин өкмөтү менен мамилеси жакшы Батыш мамлекеттерини өз таасиринен пайдаланып, Киевди Чыгыш Украинадагы аскерий операцияны токтотууга көндүрүүнү сурады. Владимир Путиндин айтымында, Москва жикчилдерди малайзиялык авиалайнердин кыйроо себебин кеңири иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө ынандырууга аракет кылат.

XS
SM
MD
LG