Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Украина Нидерланд өлкөсүнө дагы 51 сөөк жиберет


Украинанын аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн малайзиялык авиалайнердин курмандыктарынын сөөктөрүн Нидерланд өлкөсүнө ташуу уланууда. Өлгөн адамдардын сөөктөрү салынган 51 куту жүктөлгөн эки аскердик учак жолго даяр экенин 24-июлда украин өкмөтү билдирди.

Орусиячыл жикчилдер 17-июлда атып түшүрдү деген малайзиялык авиалайнерде 298 адам, алардын 193ү Нидерланд жарандары болгон.

Кечээ авиакырсыкта курман болгон алгачкы 40 адамдын сөөгү Эйндховен шаарына Украинадан жеткирилди. Сөөктөрдү тосуп алуу зыяпатына курман болгондордун 1 миңдей тууган-уругу, Нидерланд падышасы зайыбы менен, премьер-министр Марк Рютте жана апаатта жарандарын жоготкон өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.

Австралиянын премьер-министри Тони Эбботт учак кулап түшкөн жайды күзөтүүгө БУУнун мандаты астында эл аралык полиция күчтөрүн жайгаштырууга чакырды.

XS
SM
MD
LG