Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Жол эрежеси боюнча жаңы мыйзам 8-августта күчүнө кирет


Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды жазалоо боюнча жаңы чаралар 8-августтан тарта колдонула баштайт. Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу мыйзамга 4-июлда кол койгон. Айып пулдун жаңы тарифтери жана башка жаза чаралары тууралуу коомчулукту тааныштырууга бир ай убакыт берилген. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Айып пул мурда 100 сомдон 2000 сомго чейин болсо, эми 500 сомдон 20 миң сомго чейин жогорулады. Мас абалда унаа айдаган айдоочу мурда 1,5 миң сомго жыгылса, эми 10 миң сом төлөш керек. Ал эми жол кырсыгына себепкер болсо 20 миң сом төлөп, 4 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG