Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

АКШ Ирактагы согушкерлерге каршы аба соккусун улантууда


АКШ аба күчтөрү Ирактагы Хадита дамбасынын тегерегиндеги “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жайгашкан аймактарга таамай соккуларды ура баштады. Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Чак Хайгел билдирди.
Ал бул аскерий операция Ирак өкмөтүнүн суранычы менен жүргүзүлүп жатканын кошумчалады

Хайгелдин айтымында, согушкерлерге дамбаны басып алууга мүмкүнчүлүк бербеш керек. Евфрат дарыясында жайгашкан Хадита дамбасы Ирактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири.

Өткөн айдын башында Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Ирактагы “Ислам мамлекети” радикал тобу жайгашкан жерлерге абадан таамай сокку урууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG