Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Жолдогу паракорлук боюнча иш сотко өттү


Бишкек-Каракол жолундагы жол кайгуул кызматкери Жыргалбек Сармановго козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерге Кылмыш кодексинин “коррупция” жана “пара талап кылуу” беренелери боюнча иш козголгон. Жакынкы аралыкта бул боюнча иш Түп райондук сотунда карала баштайт.

Буга чейин Ош мамлекеттик университетинин студенттери Бишкектеги Республикалык жол кайгуул кызматынын имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөргөн. Студенттердин айтымында, алар Ысык-Көлгө эс алууга баратышкан. Жолдо студенттер түшкөн унааны жол кайгуул кызматкери токтотуп, айдоочудан 10 миң сом пара талап кылган. Студенттер бул окуяны териштирип, пара талап кылган кызматкерди жоопко тартууга чакырышкан болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG