Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Азиада: балбан Мусаев алтын байге үчүн күрөшөт


Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Магомед Мусаев финалга жолдомо алды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Магомед Мусаев 97 кг. салмакка чейинкилер арасында таймашып, үч атаандашын утту. Алгачкы беттешинде пакистандык Хасан Аванды 10:0 эсеби менен жеңсе, чейрек финалда индиялык Сатыварт Кадианды 3:2 эсебинде утту. Жарым финалда казакстандык Мамед Ибрагимовду 6:2 эсеби менен утуп, финалдык таймашка жолдомо алды.

Магомед Мусаев алтын байге үчүн болгон чечүүчү беттеште Ирандык Реза Яздани менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 16:30да башталат.

Ошондой эле бүгүн балбан Айсулуу Тыныбекова үчүнчү орун үчүн кореялык Инсун Жонг менен килемге чыгат.

27-сентябрда кыргызстандык Эламан Догдурбек уулу эркин күрөштөн коло медал уткан. Велоспортчу Евгений Ваккер күмүш медал тагынган.(EСh/TSh)

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG