Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Пен-клубдун 80-конгресси Бишкекте өтөт


Бүгүн Бишкекте бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын жана акындардын башын бириктирген эл аралык Пен-клубдун 80-мааракелик конгресси өз ишин баштайт. Улуттук китепканада өтчү адабий жыйын 2-октябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Пен-клубдун бул жолку жылдык жыйыны “Менин тилим, менин тарыхым, менин эркиндигим” деген темада өтөт. Иш-чарага 200дөн ашуун дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген акын-жазуучулар жана Кыргызстандын маданият ишмерлери катышат.

Пен-клуб адабият, сөз жана ой эркиндигин колдоп келет. 1921-жылы негизделген бул клуб жазуучулардын эл аралык коомун 100дөн ашуун өлкөдөгү 146 Пен-борборлор аркылуу бириктирип келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG