Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Чолпон-Ата ат майданын кургандар маянасын ала албай жатат


Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушунда иштеген жумушчулар бир айдан бери эмгек акыларын ала албай келишет. Бул тууралуу куруучулар “Азаттыкка” өздөрү билдиришти. Алардын айтымында, ат майдандын жетекчилиги 30 куруучунун ар бирине 40 миң сомдон бересе. Куруучулардын бригадири Алмаз:

- Намыс үчүн деп бизди жаан-чачынга карабай, күнү-түнү бир айдан ашык иштетишкен. Бизге болгону 426 миң сом беришти. Дагы миллион сомдой аласабыз. Акчабызды сурасак "билген жериңерге баргыла" деп жатат.

Ат майдандын башчысы Эркин Мергенбаев курулуш чыгымдары толук эсептелип бүтөрү менен эмгек акылар берилерин айтты. Анын айтымында, ат майдандын курулушу ушул кезге чейин толук бүтө элек.

Чолпон-Атадагы ат майдан сентябрдын башында өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата кеңейтилген. 800 орундук ат майданды 7 миң киши баткыдай кылып кайра курууга бюджеттен 84 млн. сом бөлүнгөн болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG