Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Непал: кар көчкү 39 туристтин өмүрүн алды


Непалда Гималай тоолорунун аймагында кар көчкүнүн алдында калган туристтерди издөө улантылууда. Шаршемби күнкү катуу бороондун кесептетинен түшкөн кар көчкү 39 адамдын өмүрүн алганы маалым болду. Авиация жана жер үстүндөгү куткаруу топтору аскерлер менен бирге көчкү алдында калган жүздөгөн адамдарды куткарууга жетишти. Алардын көбү чет элдик туристтер жана жергиликтүү гиддер эле. Жабыркагандардын көбүнүн колу - бутун үшүк алып кеткен. Куткаруучулар көчкү алдынан адамдарын сөөктөрүн дагы эле таап жатканы кабарланууда. Непалдын күч түзүмдөрүнүн башчысы куткаруу иштери улантылаарын ырастады.

Би-би-синин кабарчыларынын айтымында, издөө иштери өтө чоң аймакта жүрүп жаткандыктан дайынсыз жоголгондордун так санын айтуу азырынча кыйын.

XS
SM
MD
LG