Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:06

Эң көп үй-бүлөлүк зомбулук Бишкекте катталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Быйылкы жылдын тогуз айында милицияга үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2583 факт катталып, 2188 адамга эскертүү берилди. Былтыр бул көрсөткүч 2000 болчу.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 137 кылмыш иши козголсо, быйыл тогуз айда эле 192 кылмыш иши ачылган.

Зомбулукка кабылгандардын 98 пайызын аялдар, 2 пайызын эркектер түзөт. Милицияга кайрылгандардын көпчүлүгү денесинен жараат алгандар. Экинчи орунда психикалык кордук көргөндөр болсо, үчүнчү орунда сексуалдык мажбурлоого кабылгандар.

Министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук эң көп катталган аймак – Бишкек шаары:

- Борбор калаада 570, Ош облусунда 431, Чүй обулсунда 356, Жалал-Абадда 303, Ысык-Көлдө 189, Нарында 134, Таласта 104, Баткенде 67, Ош шаарында 29 факт катталды.

Адистер үй-бүлөдөгү зомбулук расмий көрсөткүчтөн бир кыйла жогору экенин айтышат. Көпчүлүк менталитеттен улам көргөн кордугу тууралуу милицияга же башка органдарга кайрылбайт. (SE)

XS
SM
MD
LG