Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Отун-энергетика комплекси боюнча агенттик түзүлөт


Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти өкмөт алдындагы өз алдынча агенттик болуп түзүлөт. Мындай чечимди өкмөттүн мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу комиссиясы кабыл алды. Жаңы түзүлгөн орган электр энергиясы жана жаратылыш газ боюнча тарифтерди аныктап, жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо милдетин аркалайт.

Буга чейин өлкөдөгү электр энергиясынын тарифин аныктоодо Жогорку Кеңештин макулдугун алышы керек болчу. Бирок быйыл июнь айында кабыл алынган мыйзамга ылайык, парламент мындай укуктан ажыраган. Мындан соң өкмөт алдында көз карандысыз агенттик түзүү чечими кабыл алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG