Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


6-8-ноябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Аба ырайы:

5-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы Жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,

5-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG