Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров кыргыз-тажик өкүлдөрү өткөн айдын этегинде Баткендин Исфана шаарында кездешкенин, эмки жолугушуу ушул айда Тажикстанда өтөрүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр соңку учурдагы чыр-чатактардан улам солгундай түшкөн, азыр болсо тараптар сүйлөшүүлөрдү жандандырып жатат жана бири-бирине сунуштарын берди. (EBM)