Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Жогорку Кеңеш депутаттары жапон парламентинин иши менен таанышат


Парламент спикери Асылбек Жээнбеков баш болгон депутаттар тобу 18-ноябрда Жапонияга расмий иш сапар менен барат. Анын алкагында Жапония парламентинин эки палатасынын спикерлери менен кызматташууну улантуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Депутаттар бир катар ишканаларда болуп, айыл чарба жана өнөр-жай көргөзмөсүнө да катышат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, 20-ноябрга чейин улана турган расмий сапар Жапония парламентинин кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу менен уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG