Орус өкмөтү кыргызстандыктардын убактылуу иштешин биргелешип уюштуруу боюнча макулдашууну жактырды. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды. Аталган макулдашуу Федералдык миграция кызматы тарабынан даярдалган. Ага ылайык, Орусияда иштегиси келген кыргызстандыктар үчүн атайын борборлор уюштурулуп, ал өлкөгө баруудан мурда орус тили жана башка кесиптер боюнча окуудан өтмөкчү. Мындай чара мыйзамсыз миграциялык агымды токтотууга жана мигранттардын укугун коргоого көмөк болмокчу.
Орусиянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын ноябрь айына карата бул өлкө аймагында 552014 кыргыз жараны эмгектенип жүрөт.(BkA)