Жогорку Рада Украинанын бейтарап өлкө макамын жойду жана НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуп өтүүнү Украинанын максаты деп бекитти.
Президент Порошенко киргизген мыйзам долбоорун 23-декабрда Жогорку Рададагы 450 депутаттын 303ү колдоду Добуш берүү алдында “Батькивщина” партиясынын төрагайымы Юлия Тимошенко жаңы бекитилчү мыйзам өлкөгө тынчтык алып келет, Украинаны Евросоюзга кошулуусуна жол ачат деди: "Бүгүн биз баарыбыз азыркы жагдайдагы маанилүү мыйзам үчүн тынчтык мыйзамы, реформанын стратегиясынын мыйзамы, Батыш цивилизациясындагы биздин ордубуз жөнүндө мыйзам үчүн добуш беришибиз керек. Бул мыйзам Украинанын бейтарап макамын жокко чыгарат".
Украинанын ички жана тышкы саясатын өзгөртүү Орусиянын Украинага каршы агрессиясы, Крымды мыйзамсыз аннексиялап алуусу, Чыгыш Украинадагы кырдаалга аскерий кийлигишүүсү жана башка кысымдардан өлкөнүн суверендүүлүгүн, коопсуздугун жана территориялык бүтүндүгүн мурдагыдан эффективдүү камсыздоо зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.
Украин парламентинин чечимин Орусиянын ЕККУдагы өкүлү Андрей Келин “душмандык кадам” деп сыпаттады жана эки өлкө арасындагы мамилени осолдотот деп баа берди.