Түркиянын соту президент Режеп Тайип Эрдоганды “каралады” деп кармалган окуучуну түрмөдөн чыгарды.
16 жаштагы Мехмет Эмин Алтынсөз 24-декабрда Кония шаарындагы өзү окуган мектепте Эрдоганды “ууру”, “паракор” жана “коррупционер” деп айыптап сөз сүйлөгөндөн кийин камакка алынган. Түркиянын ортолугундагы Кония башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын чеби саналат.
Мехмет Эмин Алтынсөз 26-декабрда абактан чыккандан кийин саясий ишмердигин токтотпосун билдирди. Ал абактан чыгарылганы менен сот иши жабыла элек. Түркиянын Кылмыш кодекси өлкө президентин шылдыңдоого тыюу салат. 16 жаштагы Алтынсөздү сот төрт жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.