Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Жалал-Абадда таксист аялдын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Араван районунун тургуну Гулчехра Мамадалиеваны өлтүрдү деген шек менен 22 жаштагы Жакшылык Эргешов жана 23 жаштагы Сүйүналы уулу Бегалы кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ноокен милициясынын башчысы Нариман Өсөров билдирди.

Анын айтымында, бул эки жаран 15-декабрда таксист аялды Бишкекке айдатып келатып, жолдон муунтуп өлтүрүп, сөөктү Таластын Өтмөк ашуусундагы карга көмүп кетишкен. Алар бул окуядан кийин маркумдун “Тойота Авенс” үлгүсүндөгү автоунаасын Бишкекте сатууга аракет кылышат, машина өтпөй калганда төрт дөңгөлөгүн 4700 сомго сатып жиберишкен. Мындан тышкары, кылмышка шектүү жарандар таксист аялдын зер буюмдарын 80 миң сомго соодалап, калганын сүйлөшкөн кыздарына белек катары берүүгө жетишкен. Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Маркумдун төрт баласы жетим калды. (RsK)

XS
SM
MD
LG