Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:47

Голливуддун таанымал актрисасы Анжелина Жоли Улуттар Уюмунун качкындар боюнча атайын чабарманы катары Ирактын түндүгүндөгү ирактык жана сириялык качкындардын лагерине барды. Жекшембиде Жоли лагерден көргөндөрү аны нес кылганын айтты. “Бул менин 2007-жылдан бери бешинчи жолку сапарым, бирок бүгүнкүдөй качкындардын кыйналганын эч качан көргөн эмесмин” - деди Жоли.

Белгилүү актриса эл аралык коомчулук “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Сириядагы зордук-зомбулугунан жабыр тарткандарга тиешелүү жардам көрсөтпөй жатканын билдирди. Ал качкындар маселесине көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG