Башкырстанда жол кырсыгында каза болгон кыргызстандык беш кишинин сөөгү учурда Казакстандын чек арасына жакындап калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
Жүк-200дү Кыргызстандын Оренбургдагы консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп келатат. Өлгөндөрдүн сөөгүн мекенине жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жакындары, Кыргызстандын Оренбургдагы консулу жана Самарадагы кыргыз диаспорасынын лидери Акылбек Кудуев көтөрдү.
5-февралда түнкү бирлер чамасында Башкырстандын Октябрь шаарына жакын жерде "Вольво" үлгүсүндөгү унаа менен "Газель" кагышып кетип, кырсыкта беш кыргызстандык каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген. Жараат алгандардын биринин абалы оор бойдон кала берүүдө. (ZMa)