Февралдын алгачкы аптасында Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден 263 жайкын тургун каза тапты, 700гө жакыны жараат алды. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык маселелер боюнча башкармалыгынын баяндамасында айтылат.
Улуттар уюмунун эсеби боюнча жаңжал башталган өткөн жылдын апрелинен бери каза тапкандардын саны беш миңден ашты. Он үч миңден ашыгы жарадар болду.
Мындан сырткары баяндамада Донбасстагы гуманитардык абалдын күндөн күнгө начарлап жатканы белгиленген. Ушундан улам БУУ тезинен Украинанын чыгышында ок атууну токтотуп, тынч жарандарды жаңжалдын аймагынан чыгарып кетүүгө чакырууда.