Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Камалов Сирияга барууга үгүттөгөнбү?


Рашод Камалов имамдык кылган "Ас-Сарахсий" мечити
Рашод Камалов имамдык кылган "Ас-Сарахсий" мечити

Кара-Суу шаарындагы мечит имамы Рашод Камаловдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эки айга камакка алынды. Милиция аны халифат курууга үндөгөн деп күнөөлөгөндөн сырткары, Сирияга барууга чакырык жасаган деп айып тагууда.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод Камаловго милиция буга чейин экстремизмге чакырык жасаган, Кыргызстанда халифат курууга аракет кылган деп айып тагып келсе, эми аны Сирияга да адамдарды жөнөткөн деп күнөөлөп жатат.

Күч кызматтарынын кабарлашынча, ал өз мечити аркылуу үгүт жасап, 30-40тай жараны Сириядагы согушка жиберген.

ИИМ: имамдын үстүнөн арыздар түшкөн

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахим Салимов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Рашод Камалов боюнча бизде көп маалыматтар бар. Ал адамдарды ачык эле халифатка үндөп, конституциялык түзүмгө каршы чыгуу тууралуу көп эле билдирүүлөрдү жасап келгени боюнча далилдер бар. Ошолорго ылайык кылмыш иши козголду. Кошумча анын үстүнөн эл дагы арызданып, “балдарыбызды Сирияга кетирип жатат, башын тегеретип жатат” деп арызданды. Камалов өзүнүн имамдык кызматын пайдаланып, өтө көп кишини Сирияга жөнөткөн. Азыр бизге ондон ашык жаран “туугандарыбызды, балдарыбызды Камалов Сирияга жихадга алдап кетирген” деп арыз жазды. Дагы бир тобу арыз жазгандан коркуп жатышат. Мындан сырткары Камалов Сириядан башка Ирак жана Ооганстанга да адамдарды жөнөткөн болушу мүмкүн.

Ошто намазга келген балдар
Ошто намазга келген балдар

Күч органдары Камаловдун Ош жана Баткен облусундагы тарапташтары жашаган 20дай үйдө бир убакта тинтүү жүргүзүп, экстремисттик-террористтик багыттагы миңдей китепче, 500дөй диск табышканын айтышат.

- Камалов өзүн Кара-Сууда “рухий лидермин” деп атап келчү. Ал мечитинин ичинде өзүн бир кудай эле сезип алган адам экен. Мунун "куйруктары", окуучулары ар жактан адамдарды таап, мечитке ээрчитип келишет, ал болсо келгендердин башына халифат идеясын куят. Анан адамдар мечиттен чыккандан кийин эле агылып Сирияга кете беришет. Бул бир эле Баткен, Ош облустары боюнча эмес, башка жактардан адамдарды алып келип, Сирияга айдап турушчу экен. Ата-энелер ыйлап, “муну жок кылгылачы, болбосо бүтүн Кара-Суунун баарын жихадга айдап жибермекчи болду” деп жатышат. Азыр тергөө иштери уланып жатат, - дейт ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахим Салимов.

Адвокат: Камалов негизсиз камалууда

11-февраль күнү Ош шаардык соту Камаловдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бирок бул чечимге анын жактоочулары нааразы болуп, күч органдары имамды негизсиз камаганын айтышууда. Жактоочулар ал тургай Рашод Камаловдун жана анын тарапкерлеринин үйүнөн эч кандай баракчалар жана дисктер табылбаганына ишендирүүдө.

Жактоочулардын бири Назгүл Сүйүнбаева Камаловго коюлган айыптар аны каралоо үчүн болгон аракет деп эсептейт:

- Үйлөргө тинтүү жасаганда көпчүлүктүн көзүнчө киргенбиз деп жатпайбы. Ал үйлөрдөн эч кандай баракчалар, дисктер чыкпаганын ошо жердеги күбөлөр көрүп турган. Ал тургай алар бул боюнча түшүнүк каттарында да жазып беришкен. Анан милиция бул жакка келгенден кийин эле толтура маалыматтарды берип жатат. Кечээ ушундай билдирүү таркагандан кийин бизге анын тарапташтары тарабынан 100дөй телефон чалуу болду. "Биз көрүп турсак, анан эмнеге жалган айтып жатышат" дешүүдө. Камалов эми жөнөкөй адам эмес да, ага айып коюу үчүн атайын эле резонанс жаратып, ушинтип коомчулуктун көңүлүн буруп жатышат. Мен юрист катары бул саясий буйрутма деп айта албайм, бирок муну Камалов өзү буга чейинки жыйында сүйлөгөн сөзү менен байланыштырып жатат. Ал декабрда “милиция адамдарды кыйнап жатканы үчүн алар Сирияга качып кетип жатат” деп айткан, ошого күч органдары өчөшүп, аны камап жатат.

2014-жылдын 21-декабрында Ош улуттук драма театрында өкмөттүн өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясы, коомчулук, муфтият жана аймактагы күч органдары катышкан жыйында аймактагы диний кырдаал, Сирияга кеткендерди азайтуу жолдору талкууланган эле. Анда имам Рашод Камолов да чыгып сөз сүйлөп, жарандардын Сирияга агылышына укук коргоо органдарын күнөөлөгөн эле:

Рашод Камалов
Рашод Камалов

- Президент диний кырдаалды оңдойлу, туура эмес жолго чыгып кеткендерге чара көрөлү деп айткан. Бирок күч органдарынын көп кызматкерлери мына ошондон пайдаланып, эптеп бир шылтоо таап, жарандарды алып кирип уруп, жылаңачтап, аялдарынын, балдарынын көзүнчө кыйнап жатышат. Керек болсо мага келип ыйлап, “органдар бизден 10 миң доллар сурап, камап салам деп жатат” дегендер толтура. Анан ушундай зулумдукка чыдабай, “мени кыйнаган адамды өлтүрбөсөм болбойт” деп кетип жатышат. Эмне үчүн бул туурасында да баш катырбайбыз? Кетип жаткандардын баары органдар чакыргандан кийин 1-2 күндөн кийин качып кетип жатышат. Эмне үчүн? Анткени алар себепсиз келтек жегенден коркуп, күнөөсүз акча бергенге чыдабай жатышат. "Андан көрө Сирияга барсак айлык да берет экен, бизге сый менен да мамиле жасайт” деп, ошол жакта өлүп кеткенге да даяр болуп кетип жатышат. Мына ушул нерсеге да көңүл буруп коюшуңарды каалайм.

Камалов имам эмес беле?

Бул арада Ош облустук казыяты Рашод Камолов расмий имам болгон эмес деген билдирүү таратты. Казы Ниязалы ажы Арипов мындай дейт:

- Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамдыгына эч ким дайындабаганы 2007-жылы эле белгилүү болгон. Бирок нааразылык чыкпасын деген жүйө менен ал имамдык кызматтан четтетилген эмес. Аны имам катары дайындоо боюнча эч кандай буйрук жок. Ал эч кандай расмий имам эмес экендигин билдиребиз жана анын ишмердүүлүгүнө комментарий бере албайбыз.

Ниязалы Арипов
Ниязалы Арипов

Бирок муну күч органдары диниятчылардын жоопкерчиликтен качуу аракети катары мүнөздөп атышат. ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Рахим Салимов кайрадан кепке кошулду:

- Ушу күнгө чейин аны баары имам катары таанып келишкен. Ошол эле казы деле, жергиликтүү жашоочулар деле аны ошол “Ас-Сарахсий” мечитинде иш алып барышканын билишет. Камалов өзү деле “мен имаммын” деп жатат. Анан эми кармалгандан кийин эле казыят "ал имам эмес, рухий лидер” деген туура эмес. Ал эртеден кечке, беш убак намазда ошол жерде имамдык кылчу жана ал тургай анын кызматы “имам” деп көрсөтүлгөн күбөлүгү да бар экен. Биз ал жерде жүздөгөн адамдардан көрсөтмө алдык, алардын баары Рашод Камалов “Ас-Сарахсий” мечитинде 7-8-жылдан бери имамдык кылат деп айтып атышат.

Рашид Камаловго учурда Назгүл Сүйүнбаевадан сырткары Хусанбай Салиев жана Валерьян Вахитовдор жактоочулук кылууда.

Маалыматтарга ылайык, Камаловдун үйүнө күч органдары кирген 9-февраль күнү Кара-Сууда 1000ге жакын адам чогулган. Алардын арасында Жалал-Абаддан жана Баткенден келгендер да болгон. Камалов менен кошо 5 адам да кармалып, кайра бошотулган.

37 жаштагы, өзбек тектүү имам Рашод Камалов диний таалимди атасынан алганы айтылат. Атасы Рафик Камалов 2007-жылы террордук актынын алдын алуу операциясы жүрүп жаткан учурда каза болгон. Камаловдордун дагы бири - Садыкжан Камалов өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстанда муфтийлик кызматты аркалаган жана депутат да болгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG