ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Айбек Абдыразаковдун Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары Беларуста колго түшкөнү тууралуу маалыматты Ички иштер министрлиги расмий тастыктай элек. Бирок бул тууралуу кененирээк 27-февралда коомчулукка маалымдаларын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Беларус мамлекетинин күч органдары да бул кылмышка шектелип бирөө-жарым кармалганы тууралуу маалымат түшө электинин "Азаттыкка" кабарлады.
Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча көрсөтмө берген күбө Гүлжигит Абилазизовдун адвокаты бүгүн маалымат жыйын уюштуруп, Абдыразаков Минскте кармалганын билдирген болчу.
Айбек Абдыразаков 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин мамлекеттен чыгып кеткен. (SE)