Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Кадыр Токтогулов АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү, мамлекеттик ведомстволор ортосунда байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Элчи Кадыр Токтогулов кыргыз өкмөтү эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде мамкатчынын жардамчысы Ниша Бисвал АКШ Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсүн мындан ары да колдой бере турганын кошумчалады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG