Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

АКШ жана Европанын ашынган оңчулдары менен улутчулдары Батышты сындашты


Полиция орус консерваторлорунун эл аралык форумуна каршы активисттерди кармоодо. Санкт-Петербург, 22-март, 2015-жыл.
Полиция орус консерваторлорунун эл аралык форумуна каршы активисттерди кармоодо. Санкт-Петербург, 22-март, 2015-жыл.

Алар Батышты бүгүн Санкт-Петербургда Орусия уюштурган форумда сындашты.

АКШ менен Европанын орус президенти Владимир Путинди колдогон жана орус консерваторлорунун эл аралык форумуна келген ашынган оңчулдар менен улутчулдары Батыш өкмөттөрүнүн Украина боюнча турумун айыпташты.

Ал эми Москванын алар мүнөздөгөндөй “салттуу баалуулуктарды” колдоо аракетин кубатташты.

Форумдун 200дөй катышуучусунун арасында Британиянын мигранттарга каршы улутчул партиясынын мурдагы лидери Ник Гриффин, Германиянын неонацисттик уюму – Улуттук демократиялык партиясынын жолбашчыларынын бири Удо Воигхт, Грециянын неонацисттик “Алтын таң” партиясынын мүчөлөрү да бар.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Александр Навальный Твиттердеги баракчасында белгилегендей, “фашисттер Орусияга дароо эле дос болуп калганы таң калычтуу”.

Орусиянын ондогон антифашистчил активисттери Санкт-Петербургдагы форумга каршы нааразылык акциясына чыкканда полиция алардын кеминде сегизин кармады. (UE)

XS
SM
MD
LG