Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Ош: Сириядан кайтып келген 11 адамдын иши тергелүүдө


Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Сириядагы согуштук аракеттерге барып, катышып келди делген 11 адамдын үстүнөн "жалданмачылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Ошол эле учурда Ош шаары жана облусу боюнча 190 адамдын Сирияга кеткени расмий тастыкталган.

Дагы 472 адам диний экстремисттик агымдардын жактоочулары катары катталып, алардын жүрүм-турумдары көзөмөлгө алынган.

Ички иштер министрлигинин бүгүнкү маалыматы боюнча, өлкөдөн Сирияга кеткендердин саны 339 адам. (YI)

XS
SM
MD
LG