Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Обама 100 жыл мурдагы армяндардын кыргынын геноцид деп атаган жок


АКШ президенти Барак Обама. 16-апрель, 2015-жыл.
АКШ президенти Барак Обама. 16-апрель, 2015-жыл.

АКШ президенти Барак Обама 100 жыл мурда Осмон империясы маалындагы армяндардын массалык өлтүрүлүшүн “акылга сыйбас кылмыш” деп атап, геноцид терминин колдонгон жок.

- Осмон империясынын аймагында жашаган армяндар депортацияланып, өлтүрүлгөн. Алардын байыркы мекениндеги маданияты жана мурасы толугу менен жок кылынган, - деген АКШ президенти 23-апрелде жасаган билдирүүсүндө анын бул каргашага көз карашы өзгөрбөгөнүн билдирди.

2008-жылкы шайлоо кампаниясы учурунда президенттике аттанган Обама армяндардын 1915-жылдагы массалык кырылышын АКШ бийлиги геноцид деп расмий тааныш керектигин айткан.

Армения ырастагандай, 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясынын күчтөрү баштаган кандуу булоондо бир жарым миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган.

Осмон империясынын мураскери саналган Түркия бул сан көбүртүлгөнүн билдирип, армяндардын массалык өлүмү согуш маалындагы кадимки көрүнүш экенин жана аларды эч ким тукум курут кылуу максатында жок кылбаганын айтып келет.

Бир катар Европа өлкөлөрү бул кыргынды геноцид деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG