Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ооган делегациясы менен Талибандын өкүлдөрү Катарда жолугат


Ооганстандын өкмөттүк делегациясы жакынкы күндөрү Катарда Талибан кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушат деп күтүлүүдө. Ооганстандын Тынчтык кеңешинин төрага орун басары Аттаулла Лудиндин 1-майда билдиришинче, 20 кишиден турган делегация Талибандын өкүлдөрү менен “ачык талкууга” катышат. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр 3-4-майда өтүшү ыктымал.

Тынчтык кеңеши президенттин алдындагы орган жана ашынган эмес согушкерлерди тынчтык процессине тартуу иштери менен алектенет.

Талиптердин Катардагы өкүлү ооган жана Пакистан расмийлери менен жолугушуу эмки жумада болорун маалымдады.

XS
SM
MD
LG