Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Атамбаевдин Москва сапарында Путин менен жолугушуу каралган жок


Атамбаев менен Путиндин Санкт-Петербургдагы жолугушуусу. 16-март, 2015-жыл.
Атамбаев менен Путиндин Санкт-Петербургдагы жолугушуусу. 16-март, 2015-жыл.

Жеңиштин 70 жылдык мааракесине катышуу үчүн Москвага бараткан президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрбөйт. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, эки президент жакында эле Санкт-Петербургда жолугушкандыктан, кайра атайын сүйлөшүү өткөрүүгө зарылчылык жок.

Атамбаевдин Москвага сапары 7-майда башталат. 8-май күнү ал Евразия экономикалык биримдигинин саммитине, 9-майда Жеңишке арналган парадга катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG