"Вечерний Бишкек" гезитинин мурдагы ээлеринин бири Александр Рябушкиндин азыркы кожоюн Александр Кимден 15 миллион доллар компенсация өндүрүү боюнча арызын Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Сотто азыр каралып жаткан көзөмөл арыздан кийин териштирет. Ошондуктан райсотто бүгүнкүгө белгиленген отурум болгон жок.
Рябушкин райсотко Александр Ким жана анын жубайы Анна Власенконун "Вечерний Бишкек" басма үйү менен "Рубикон" фирмасына таандык акцияларын камакка алуу жана Кимди 2000-жылдан берки мезгил үчүн 15 миллион доллар компенсация төлөтүү арызы менен кайрылган болчу. Анын биринчи өтүнүчүн райондук сот канааттандырган. Ушул эле чечимди 4-майда шаардык сот күчүндө калтырган.
Бүгүнкү отурумда Кимдин адвокаттары шаардык соттун бул чечимине байланыштуу Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылганы маалым болду.
“Вечерний Бишкектин” жамааты жакында президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, басылманы рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жүрүп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турушу мүмкүн экенин билдирген.
Бирок Фарид Ниязов бул ишке эч тиешеси жок экенин айткан, Башкы прокуратура да териштирүү жүргүзүп, жогоруда айтылган айыптоолор негизсиз деген бүтүм чыгарган. (RK)